Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Ош мэриясы өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу түшүндүрмө берди


Ош шаарындагы жөө кишилер өтүүчү өтмөк көпүрө.
Ош шаарындагы жөө кишилер өтүүчү өтмөк көпүрө.

Ош шаарынын мэриясы Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишинде курулган жөө адамдар өтүүчү өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу түшүндүрмө берди. Аталган мекеме аны “деформациялык ажырым (шов)” деп атады. 13-сентябрда социалдык тармактарда Ошто жаңы курулган өтмөк көпүрөдөгү жарака тууралуу видео тараган.

Бул өтмөк шаардагы негизги Масалиев көчөсүндөгү жол тыгынын алдын алуу максатында быйыл майда курула баштаган. Августтун аягында ачылышы болуп, элдин өтүшүнө уруксат берилген. Бирок курулушу толук аяктай элек. Азыр өтмөктүн төрт тарабына лифт орнотуу иши жүрүп жатат.

Курулушка шаардык казынадан 45 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Аны тендерден уткан “Сапат курулуш” жоопкерчилиги чектелген коому курган.

Мэрия өтмөк азырынча мекеменин балансына өткөрүлө электигин билдирди.

4-августта да Ошто жер үстүнөн жөө адамдар өтүүчү өтмөк курулуп жаткан учурда анын тирөөчтөрү урап түшкөн. Курулушту жүргүзүп жаткан компаниянын өкүлү муну техникалык мүчүлүштүк деп түшүндүргөн.(DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG