Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Алматыда “Азаттыктын” 70 жылдыгына арналган медиа форум өтүүдө


"Азаттыктын" Борбор Азиядагы кызматтарынын 70 жылдыгы белгиленип жатат. 13-сентябрь, 2023. Алматы, Казакстан
"Азаттыктын" Борбор Азиядагы кызматтарынын 70 жылдыгы белгиленип жатат. 13-сентябрь, 2023. Алматы, Казакстан

Казакстандын Алматы шаарында "Азаттыктын" Борбор Азиядагы кызматтарынын обого чыкканынын 70 жылдыгына арналган "Эркиндик" медиа форум өтүүдө. Ага "Азаттыктын" Борбор Азия кызматынын журналисттери, медиа эксперттер, саясатчылар катышууда.

Форумдун алкагында "Азаттык" радиосуну тарыхы, ишмердиги, учурдагы абалдагы журналисттик иликтөө жүргүзүү тажрыйбасы боюнча талкуулар жүрөт. Радионун Борбор Азия боюнча регионалдык директору Хамид Исмаилов форумда Борбор Азия аймагындагы сөз эркиндиги, "Азаттыктын" ролу тууралуу талкуулар болорун белгиледи. Мындан сырткары, журналисттер иликтөө жасоо, өзгөчө кырдаалдарды чагылдыруу, веб-сайттарга бөгөт коюлган шартта иштөө жаатында тажрыйба алмашышат.

Форумга катышкан АКШнын Алматыдагы башкы консулу Мишель Еркин 70 жылда көп нерсе өзгөргөнүн белгилеп, "Орусиянын жалган маалымат таратуусу, манипуляциясы өзгөргөн жок. Эркин жана көз карандысыз медиа коомдун өнүгүүсү үчүн өтө маанилүү", - деп белгиледи.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн казакстандык журналист Рысбек Сарсенбай Борбор Азияда демократия толук орной электигин белгилеп, "журналисттерге куунунтук токтогон жок" деп айтты. "Азаттыктын" күчтүүлүгү анын эркин, көз карандысыз экенинде", - деди Сарсенбай.

Медиа форумду "Азаттыктын" YouTube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлүп жатат.

  • “Эркин Европа/Азаттык радиосу” (Radio Free Europe/Radio Liberty, RFE/RL) – АКШ Конгрессинин грантынын эсебинен каржыланган көз карандысыз америкалык медиа корпорация.
  • Компания 23 өлкөдө 27 тилде маалымат таратат.
  • Борбор Азияда кыргыз, казак, өзбек, тажик жана түркмөн кызматтары иштейт.
  • “Эркин Европа/Азаттык" радиосунунмиссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тыюу салган өлкөлөрдө маалыматты таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө. (ЕВМ/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG