Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

"Медузанын" негиздөөчүсүнүн телефонуна тыңчы программа чабуул койду


Галина Тимченко
Галина Тимченко

Meduza басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Галина Тимченконун телефонуна Pegasus тыңчы программасы чабуул койду. Бул тууралуу Access Now коммерциялык эмес уюму жана басылманын өзү кабарлады.

Маалым болгондой, Apple 22-июнда Тимченкого хакердик чабуул жасалган болушу мүмкүндүгүн эскерткен. Редакция жардам сурап Access Now уюмуна кайрылганда адистер смартфонго чабуул болгонун тастыкташкан.

Аталган уюмдун иликтөөсүнө караганда, телефонго тыңчылык программа болжол менен 2023-жылдын 10-февралында "жуккан". Ал кезде Тимченко Берлинде болгон.

Хакерлик чабуул "Медуза" орус бийлиги "каалабаган уюмдардын" тизмесине киргенден эки жума өткөндөн кийин болду. Бул израилдик NSO Group компаниясы тарабынан иштелип чыккан Pegasus программасы орусиялык журналистке каршы колдонулган биринчи тастыкталган окуя.

"Медуза" басылмасынын редакциясы Латвияда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG