Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

АКШ Орусияга каршы санкциялык тизмесин кеңейтти


Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги Орусияга каршы жарыяланган санкциялык тизмесин кеңейтти. Чектөөлөргө 70 жеке тарап жана 100дөй компания кирди.

Жаңы тизмеге "АвтоВАЗ" жана "Москвич" автоунаа өндүрүүчүлөр, авиациялык жана флот үчүн кыймылдаткычтарды чыгарган Рыбинскидеги "Сатурн" жана Москвадагы "Союз" илимий-өндүрүш бирикмелери, "Ак Барс Банк" жана "Синко-Банк" кирген.

Ошондой эле "Союздун" башкы конструктору Мкртич Окроян жана үй-бүлө мүчөлөрү, Борбордук Африка Республикасынын (БАР) президентинин кеңешчиси Виталий Перфильев санкциялык тизмеге илинген. Перфильев "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын БАРдагы негизги өкүлдөрүнүн бири.

Санкциялык тизмеге кирген чет элдик компаниялардын арасында Финляндиянын Luminor жана Siberica бар. Ошондой эле Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Словениядан келген бир нече компаниялар кирген. Вашингтондун версиясына ылайык, алар орусиялык компанияларга электроникалык буюмдарды экспорттоп, Орусияга кош максатта колдонулуучу товарларды жеткирип турушкан.

АКШ Финансы министрлигинин билдирүүсүндө санкциялык тизмеге илингендер Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине жана аскердик камсыздоо тармагына тиешелүү экени такталат. Жеке адамдар, аталган мекеменин айтымында, орус бийлигине колдоо көрсөтүп, Украинага каршы жүрүп жаткан согуштан пайда көрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG