Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Ошто беш киши “Хизб ут-Тахрирден” чыкканын милиция билдирди


"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнөн алынган китептер
"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнөн алынган китептер

Ош облусунун Өзгөн районунда "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмун колдогон беш киши мыйзамсыз аракетин моюнга алып, андан баш тартканын облустук милициядан “Азаттыка” билдиришти.

Милициянын эсебинде жыл башынан бери "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун катарынан чыккандардын саны 12ге жетти.

Май айында Ош шаарында көп сандаган курал-жарак менен атайын топ кармалган. Алардын арасында диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрү да бар экени кабарланган.

Андан көп өтпөй Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы мектепке “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желегин илип кеткен окуя боюнча үч окуучу кыз кармалган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, кыздардын үйүн тинтүү учурунда тыюу салынган диний агымдарга жана Кыргызстанда соттун чечими менен террордук деп табылган “Ислам мамлекети” уюмуна тиешеси бар китептер жана видеоматериалдар, кара түстөгү желек табылган.

Кыргызстанда "Хизб ут-Тахрир" уюму 2003-жылы экстремисттик деп таанылган. Жалпысынан өлкөдө 21 диний уюмдун ишине тыюу салынган. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG