Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Баткенде аскер кызматкерлерине курулган үй колдонууга берилди


Чек арачыларга батирлерди тапшыруу учуру. 14-сентябрь, 2023-жыл. Баткен.
Чек арачыларга батирлерди тапшыруу учуру. 14-сентябрь, 2023-жыл. Баткен.

Баткен облусунда 2021-2022-аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Лейлек районунун Кулунду айылында "Кулунду" чек ара заставасынын комплексинин курулушу аягына чыгарылып, офицердик курам үчүн салынган үй жана казармалык жайлар толук реконструкцияланган.

48 батирлүү турак-жай колдонууга берилди. Анда спорт зал жана балдарды кошумча окутууга ылайыктуу жайлар каралган. Кызматтык батирлер зарыл болгон тиричилик техникалары менен жабдылып, заманбап оңдоп-түзөөдөн өткөн. Кулунду жана Төрт-Күл айылдарындагы объекттердин курулушу республикалык бюджеттен каржыланган.

Батир ачкычтарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырып, ар биринин кызматы маанилүү экендигин белгиледи.

"Эл силерге мамлекеттин коопсуздугун жана бүтүндүгүн табыштады. Баткен облусунда гана эмес, Кыргызстанда, дегеле Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтык жана жай турмуш силердин ар бириңерден көз каранды. Ошону менен катар мамлекет жетекчилиги силерден кынтыксыз кызмат кылууну гана талап кылбастан, чек арачылардын социалдык маселелеринин өз убагында жана сапаттуу чечилишине өзгөчө маани берүүдө", - деди ал.

Маалыматка караганда, учурда аскердик бөлүктүн аймагында дагы бир турак-жай курулууда. Ал келерки жылдын биринчи кварталында колдонууга берилмекчи.

12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтары тапшырылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы азыр Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын курамында турат.

Кыргызстан буга чейин Кытай, Казакстан менен чек арасын тактаган. Быйыл Өзбекстан менен чек арасын тактап бүттү. Ал эми дагы бир коңшусу Тажикстан менен чек арасын тактоо жумушун жүргүзүүдө. Чек ара такталбагандыктан, суу, жер, жайыт, жол талаштан улам чыр-чатактар көп катталып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG