Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Кесиптик лицей, коллеж жетекчилери сынак менен тандалат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы кесиптик лицей жана коллеждердин жетекчилери сынак аркылуу тандалат. Мындан ары конкурстан өтүп келген директорлор беш жылдык мөөнөткө дайындалып, андан ашык иштегендери кызматтан алынмай болду. Сынактын биринчи этабы 18-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкармалык башчысы Гүлнур Мамырова "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 100 кесиптик лицейдин 46сында директорлук кызмат үчүн сынак өтөт. Калган жетекчилердин дайындалганына беш жыл боло электигине байланыштуу бул жолку сынакка катышпайт.

"Жаңы кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, 5 жылдан ашуун иштеген жетекчилер сынакка катышуусу керек. Бизде 20-30 жылдан бери иштеп жаткан директорлор бар. Максат - аларды кетирүү эмес, сынак менен кабыл алуу. Бул жеке менчик эмес, мамлекеттик лицейлер. Былтыр мектептерде өткөн сынактар эми лицейлерде, коллеждерде, кийин бала бакчаларда дагы өтөт. Директорлук кызматка талапка жооп бергендердин бардыгы катыша берет. Жаш курагына чектөө жок. Мурдагы жетекчилер дагы сынакка катышса болот. Процедура боюнча алар өз каалоосу менен арыз жазып, сынакка катышса болот, - деди Мамырова.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бул жолу 6 коллеждин директорлук кызматына сынак өтөт. Жалпысынан министрликке караштуу 26 коллеж бар.

Бул жараян өлкөдөгү айрым директорлордун нааразылыгын жаратууда.

Кесиптик окуу жайларды реформалоо маселеси буга чейин бир топ талкууланган.

Кыргызстандагы 100 кесиптик лицейге мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 200 млн сом каралат. Аларда 30 миң студент билим алат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат. Бул өлкөдөгү айрым мектеп директорлорунун нааразылыгын жараткан.

Билим берүү жана илим министрлиги бул жарлыктын негизинде жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмашканын билдирген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG