Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Министр Кыргызстанда өнөктөштүк төрөт токтотулганын билдирди


Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы төрөтканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын төрөтканаларында айы-күнү жеткен аялдын күйөөсү же башка жакындарынын катышуусунда ишке ашуучу "өнөктөштүк төрөт" токтотулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында билдирди.

Фракциянын мүчөсү, депутат Надира Нарматова “аял төрөп жаткан маалда ага күйөөсүнүн киргизилиши ислам динине жана башка динге туура келбей турганы, мындай нерсе каада-салтта да жоктугун" белгилеп, бул уруксатты жокко чыгарууну талап кылды. Алымкадыр Бейшеналиев ага минтип жооп берди:

“Надира Азимовна, муну өнөктөштүк төрөт деп коёт. Муну биз жокко чыгардык. Азыркы кезде төрөткө күйөөсү да кирбейт, башка жакындары да киргизилбейт. Азыр төрөт мурдагы системага кайтып келди”.

Дарыгерлер, акушерлер жана төрөткананын башка кызматкерлеринен сырткары төрөп жаткан аялдын жакындары катышса, бул өнөктөштүк төрөт деп аталат. Адатта көбүнчө келиндин күйөөсү, баланын атасы катышат. Мында эркек толгоонун азабын тартып жаткан аялына дем берип, психологиялык жактан колдоп турат.

Өнөктөш төрөт Батыш өлкөлөрүндө мурдатан эле салтка айланган. Орусияда мындай система 2011-2012-жылдары расмий түрдө кабыл алынган. Борбор Азия мамлекеттеринде да ар кайсы жылдары колдонула баштаган.

Кыргызстанда да өнөктөш төрөт 2010-жылдардан баштап киргизилген. Соңку жылдары өлкөдөгү төрөттөрдүн дээрлик теңине жакыны өнөктөш түрдө болуп калган. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу убактылуу токтотулган.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева “Азаттыкка” билдиргендей, иш жүзүндө мындай система ошондон бери жандана элек. Ал мунун себебин эпидемиялык коопсуздук чараларынан улам, анын ичинде кызамык жана кызылча ооруларынын жайылып кетишинин алдын алуу максаты менен түшүндүрдү. Өнөктөш төрөт Кыргызстанда кайрадан киргизилер-киргизилбеси азырынча белгисиз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG