Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Садыр Жапаровдун АКШ сапары башталууда


БУУ. Кыргызстандын туусу.
БУУ. Кыргызстандын туусу.

Бүгүн 17-сентябрда президент Садыр Жапаровдун АКШ сапары башталууда. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, 17-21-сентябрь күндөрүндөгү иш сапар алкагында ал Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына, Борбор Азия боюнча саммитке жана бизнес форумга катышат.

Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, 18-сентябрда Жапаров БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат, 19-сентябрда Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жана Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушуулар да пландалып жатканы айтылды.

21-сентябрда Жапаров АКШнын айрым ири компанияларынын өкүлдөрү катыша турган кыргыз-америка бизнес форумунда болот, анда Кыргызстандын экономикалык потенциалы жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу презентация уюштурулат.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG