Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Ирандын бийлиги маркум Махса Амининин атасын кармап коё берди


Иран
Иран

Ирандын бийлиги бир жыл мурун өкмөткө каршы нааразылыктын жайылышына түрткү берген, 22 жашында өлүм жазасына тартылган кыздын атасын кармап кайра коё берди.

Маркум Махса Амининин атасы Амжад Амини 16-сентябрда Сагез шаарындагы өз үйүнүн жанынан кармалып, Чалгын иштери боюнча министрликке жеткирилген. Бул тууралуу “Азаттыктын” иран кызматы жазды. Иштин чоо-жайын билгендер сурактан кийин Амжад Аминини үйүнө коё беришкенин, анын үй-бүлөсүнө бир күн үйүнөн чыгууга уруксат жоктугун журналисттерге айтып берген. Алардын үйүн коопсуздук кызматтары курчап, көчөлөрдү тосушту.

Ал эми мамлекеттик маалымат каражаттары “карасанатай маалымат каражаттарынын аркасы менен” тоз-тополоң уюштурууга айыпталгандар кармалганын кабарлады. 15-сентябрда Мешхед шаарында Ирандын президенти Ибрахим Раиси жапырт нааразылыктар маалында курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрү менен жолукканын маалымдады.

IRNA маалымат агенттиги “башаламандык уюштурууну пландаган” же “карасанатай маалымат каражаттарына көмөктөшкөн” топтордун бир нече мүчөсү кармалганын жарыялады. Ирандын түндүк батышында, түштүктө жана Амининин кичи мекени Күрдстанда кармоолор болгону кабарланды.

16-сентябрда Тегеранга чукул жердеги “Карчак” абагында камерада отурган аялдар кийим-кечесин өрттөгөнү, түрмөнүн администрациясы аны дароо өчүргөнү кабарланды. Бул иштин Амининин өлгөнүнүн бир жылдыгына байланышы бар-жогу азырынча беймаалым.

Ирандын көптөгөн шаарларында теги күрт ирандык кыздын өлүмүнүн бир жылдыгына байланыштуу ар кандай наарызылык акцияларынан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Ирандагы нааразылыктар былтыр сентябрдын ортосунда башталган. 13-сентябрда Тегеранда Махса Амини хижаб кийүү эрежесин бузганы үчүн кармалып, полицияда каза тапканда жапырт нааразылык тутанган. Акцияларда алгач аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатса, кийин ал өкмөткө каршы жүрүшкө айланды.

Ирандын бийлиги эркиндикти талап кылган митингдерди күч менен баскан. Эл аралык уюмдардын эсебинде, былтыр кагылышууларда 500гө жакын адам набыт болгон. Ошондой эле 60тан ашуун коопсуздук кызматкери каза болду. 19 миңдей киши кармалган, алардын арасында балдар, өспүрүмдөр да бар. Укук коргоочулар айрымдар камалгандан бери дайынсыз экенин, дагы бирөөлөрү кыйноого кабылып, адвокаттардын жардамын албай калышканын айтышат.

Норвегияда жайгашкан Ирандагы адам укуктарына көз салган уюм (IHR) май айында Ислам жумуриятында бери дегенде 142 киши өлүм жазасына тартылганын билдирген.

Махса Амининин өлүмү: Иранды толкуткан окуя
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:49 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG