Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Бекназ Алмазбеков "Галатасарай" клубунун негизги курамына кирди


Бекназ Алмазбеков.
Бекназ Алмазбеков.

Бул тууралуу 18-сентябрда "Галатасарай" футбол клубу расмий билдирүү таратты. Анда кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков клуб менен үч жылдык келишимге кол койгону айтылат.

18 жаштагы Алмазбеков 2022-жылдын февраль айынан баштап "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыга баштаган. 2019-жылдан бери клубдун жаштар командасына ойноп жүргөн.

Буга чейин түрк медиасынын мактоосуна арзып, социалдык тармакта клубдун жетекчиси Фатих Теримдин "ханзаадасы" деп атыккан.

2020-жылы Алмазбеков Акыйкат оюн боюнча эл аралык комитетинин (International Fair Play Committee) футбол беттешинде таза оюн көрсөткөнү үчүн World Fair Play Awards сыйлыгына татыган.

Спортчунун футболдогу жетишкендиги үчүн Түркиянын университеттери да сыйлыктарды тапшырган. 2022-жылы 28-сентябрда Алмазбековду The Guardian басылмасы 2005-жылы төрөлгөн дүйнөнүн мыкты 60 жаш футболчуларынын тизмесине кошкон. Ал 2022-жылы 11-июнда Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катарына алгачкы жолу кошулуп, Мьянма курамасына каршы беттешке чыккан.

1905-жылы негизделген "Галатасарай" клубу Түркиянын Суперлигасында ойнойт. Учурда чемпионаттын турнирдик жадыбалында 20 клубдун арaсынан 2-катарда бара жатат. 23 жолу Түркиянын чемпиону болуп, 18 жолу өлкө кубогун, 16 жолу Суперкубокту уткан. УЕФА Кубогунун жана Суперкубогунун ээси. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG