Казак бийлиги 1929-1956-жылдары саясий репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган 2 млн 400 миңден ашуун архивдик маалыматтарды жарыялады.
Бул тууралуу 18-сентябрда Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын жер которгон 251 миң адамдын иши казак президентинин архивине өткөрүлдү. Кийин архивдеги материалдар кызыкдар тараптарга жеткиликтүү болот.
“Жыл соңуна чейин 265 миң ишти беребиз. Сүргүнгө айдалгандардын, атайын жер которгондордун жана кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын ичинен 311 миң адам акталды”, - деп айтылат маалыматта.
2020-жылы казак бийлиги саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жарлыгын чыгарган.
Кыргызстанда 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев мыйзам кабыл алынса, советтик репрессиянын курмандыктарын актоо үчүн атайын комиссия түзүлө турганын айтты.
Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган.
Өзбекстандын Жогорку Соту былтыр совет мезгилинде репрессия курмандыгы болгон 200дөн ашуун кишини актаган. Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев буга чейин “өзбек элинин мыкты атуулдары советтик репрессиянын курмандыгы болгонун” айткан.
Анын мындай билдирүүсү орус коомчулугунда жана маалымат каражаттарында талкууга түшкөн.
Сталиндик репрессияда жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго чукулу атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары байырлаган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. (TSh)