Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:43

Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды


Айпери Медет кызы
Айпери Медет кызы

19-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы финалга чыгып, 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомону алды. Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы биринчи жолдомо.

Медет кызы 76 килограмм салмакта финалга чыкканга чейин төрт атаандашын утту. Алгач румыниялык Каталина Акцентени 11:0, 1/8 финалда беларустук Анастасия Зимиянкованы 10:0, чейрек финалда канадалык Жастина Динай Де Стасиону 11:0 жана жарым финалда колумбиялык Татиана Рентерианы 4:2 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басты. 20-сентябрда жапониялык Юка Кагами менен алтын үчүн беттешет.

Айпери Медет кызы 24 жашта. 2021-жылы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. 2022-жылы Азия чемпиону болгон.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо).

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:

Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG