Подмосковьедеги Балашиха шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, кеминде үч киши мүрт кеткенин ТАСС агенттиги кабарлады. Тогуз кабат үйдүн үч кабаты урап түшкөн. Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев жазгандай, урандылардын алдында бир аял жана бала калган. Куткаруучулар аларды аман-эсен алып чыгуунун аракетин көрүп жатышат.
20-сентябрь күнү эртең менен болгон окуяда жалпы ондой батир жабыркаган. 170 тургун коопсуз жакка чыгарылды. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
Тергөө комитети коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү боюнча кылмыш ишин козгоду. Прокуратура текшерүү жүргүзүп жатат.