Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

Ленин округу: БШК кайра шайлоодо Самаковду жеңүүчү деп тапты


Кубанычбек Самаков
Кубанычбек Самаков

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

БШКнын 20-сентябрдагы жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык, шайлоодо 5 миң 279 добуш алган талапкер Кубанычбек Самаков жеңди деп табылды.

“Бул чечим менен макул болбогон тараптар үч күн ичинде сотко кайрыла алат. Эгерде үч күн ичинде арыздануу болбосо, депутатты каттоо жөнүндө чечимди кабыл алабыз”, - деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Жыйында маалым болгондой, шайлоо учурунда 33 арыз-даттануу түшкөн. Анын ичинен жумушчу топко жети, ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 26 документ жөнөтүлгөн. Алардын баары каралып, тиешелүү чаралар көрүлгөн жана арызданган тараптарга жазуу түрүндө жооп берилген.

Аталган округда 10-сентябрда өткөн кайра шайлооонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков 26,17% добуш менен алдыга чыккан. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 19,01%, үчүнчүдө 13,05 % добуш менен Аскар Алмаз уулу.

Округда биринчи жолу кайра шайлоо 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда болгон кайра шайлоонун жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, Ниязалиева менен дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG