Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды


Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында. 19-сентябрь, 2023-ж. Белград, Сербия.
Айпери Медет кызы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында. 19-сентябрь, 2023-ж. Белград, Сербия.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы күмүш медал тагынды.

21-сентябрга караган түнү 76 килограмм салмакта болгон финалдык таймашта Медет кызы жапониялык Юка Кагами менен беттешип, бутунан жараат алып, дарыгерлер таймашты мөөнөтүнөн мурда токтотуп, 2-орунга ээ болду.

Айпери Медет кызы буга чейин Юка Кагами менен 2022-жылы Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионатында эки жолу беттешип, экөөндө тең жеңишке жеткен.

Медет кызы бул Дүйнө чемпионатында күмүш байге алуу менен бирге 2024-жылкы Париж Олимпиадасына да Кыргызстандын эсебиндеги биринчи жолдомого ээ болду.

19-сентябрда ал алгач румыниялык Каталина Акцентени 11:0, 1/8 финалда беларустук Анастасия Зимиянкованы 10:0, чейрек финалда канадалык Жастина Динай Де Стасиону 11:0 жана жарым финалда колумбиялык Татиана Рентерианы жеңип (4:2), финалга чыгып, Олимпиадага катышууга лицензия алууга жолу ачылган.

Айпери Медет кызы 24 жашта. 2021-жылы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалынын ээси. 2022-жылы Азия чемпиону болуп, 2023-жылы Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынган.

Айпери Медет кызынан сырткары күрөштүн бул түрүнөн 21-сентябрда финалда кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова да күрөшөт. 62 килограмм салмакта күч сынашкан Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык атаандаштарын утуп, финалга чыгуу менен бирге Олимп оюндарына Кыргызстандын куржунуна экинчи жолдомону алып келди. Ал финалда жапониялык Сакура Мотоку менен күрөшөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

20-сентябрда кыргызстандыктар Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарова да күрөштү.

72 килограмм салмакта Нуртаева квалификациялык беттеште жапониялык Мива Морикавага жеңилди. 68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова эки атаандашын утуп, колунан жараат алганына байланыштуу чейрек финалдык таймашка чыкпай калды.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо). Бүгүн, 21-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча таймаштар башталат.

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:
Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG