Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Өзбек-тажик чек арасында автоунаалардын узун кезеги жаралды


Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда чек арада топтолгон автоунаалар.
Өзбекстан менен Тажикстандын ортосунда чек арада топтолгон автоунаалар.

Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги жаралды.

Айдоочулар Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы Сарыасия өткөрүү пунктунан Тажикстанга өтүү үчүн бир жумадан бери кезек күтүп жатканын билдиришти. Алар “Азаттыктын” тажик кызматына жөнөткөн видеолордо машинелердин тыгыны беш чакырымга чейин жетерин белгилешти.

Тажикстандын “Дусти” бажы бекетинин кызматкерлери кезек күтүү “автоунааларга кылдаттык менен көзөмөлдөөдөн” улам пайда болгонун билдиришти.

Тажик бийлиги 2-октябрдан тарта 2013-жылга чейин чыгарылган машинелерди өлкөгө киргизүүгө тыюу салган чечим чыгарган. Чек арадагы автотыгын ушундан улам көбөйгөнү тууралуу да айтылып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG