Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Азери бийлиги менен Карабактагы армян жамаатынын делегациясы жолукту


Тоолуу Карабактагы армян жамаатынын делегациясы Евлахка келген учур.
Тоолуу Карабактагы армян жамаатынын делегациясы Евлахка келген учур.

Азербайжандын Евлах шаарына азери бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Тоолуу Карабактагы армян жамаатынын делегациясы барды.

Trend агенттигинин маалыматында, армян делегациясын орусиялык аскерлер коштоп жүрөт. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу азырынча маалымат жок.

Буга чейин Карабактагы армян жамаатын кайра интеграциялоо боюнча "азери тараптын сунуштары", Тоолуу Карабактын тургундарынын жашоосун Азербайжандын Конституциясынын алкагында камсыз кылуу маселелери талкууланары кабарланган.

Армениянын баш калаасы Ереванда өкмөттүн Тоолуу Карабакта азери армиясына каршылык көрсөтүүдөн баш тартуу чечимине каршы нааразылык акциялары уланууда.

19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялап, аны "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деп түшүндүргөн.

Армениянын бийлиги ал аймакта аскерлери жоктугун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG