Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

Ташкентте жети жаштагы кызга ыдык көрсөткөн киши 18 жылга кесилди


Өзбекстандын борбору Ташкенттке жети жаштагы кызга ыдык көрсөткөн киши 18 жылга камалды.

Nemolchi.uz маалымат каналы 21-сентябрда кабарлагандай, "ыплас ниетин ишке ашырган" деп айыпталган жергиликтүү тургунду райондук сот күнөөлүү деп тапты.

Көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездинде 55 жаштагы эркек киши жети жаштагы кызга жаман ой менен тийишкени быйыл июлда аныкталып, бир суткада шектүү кармалган.

Nemolchi.uz маалымат каналы акыркы жылдары педофилияга байланыштуу ондогон окуяларды коомчулукка алып чыкты. Хорезм облусундагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан 15-17 жаштагы кыздар он ай бою мамлекеттик аткаминерлер менен жыныстык катнашка мажбурланганы тууралуу да алгач ушул канал жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG