Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Жаңы-Жердеги окуя боюнча эки адамга издөө жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында адам өлтүрүүгө шектүү 39 жана 44 жаштагы эки адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу 23-сентябрда “Азаттыкка” Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза тапкан. Ок тийген дагы бир 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.

Маалымат боюнча, 21-сентябрда балдар спорт залда уруша кеткен. 22-сентябрда алардын ата-энелеринин ортосунда чыр чыгып, уруш массалык мушташка айланган. Ошол маалда балдардын биринин атасы ок чыгарып, андан 69 жаштагы киши каза болгон.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG