Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Буданов Севастополдо орус генералдары жараат алганын билдирди


Оккупацияланган Севастополдогу Орусиянын Кара деңиз флотунун штаб-квартирасына урулган сокку.
Оккупацияланган Севастополдогу Орусиянын Кара деңиз флотунун штаб-квартирасына урулган сокку.

Аннексияланган Крым жарым аралынын Севастополь шаарындагы Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына жасалган чабуулдан кеминде тогуз адам өлүп, 16 киши жараат алган. Алардын арасында орусиялык генералдар да бар экенин “Америка авазы” радиосунун украин кызматына Украинанын Аскердик чалгындоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Буданов билдирди.

Ал жараат алгандардын арасында орус генералдары Александр Романчук, Олег Цеков да бар экенин айтты.

Запорожье багытындагы орус аскерлеринин тобунун командири Александр Романчук генерал-полковник наамын 2023-жылы алган. Генерал-лейтенант Олег Цеков Орусиянын Аскер-деңиз флотунун 200-мотоаткычтар бригадасынын командири.

22-сентябрда Севастополдо бир нече жардыруу болду. Орус оккупациялык бийлиги Орусиянын Кара деңиз флотунун штабына ракеталык чабуул жасалганын билдирген. Украинанын Куралдуу күчтөрү бул маалыматты ырастаган.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG