Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Акылбек Жапаров Казакстанда чек арадан жүк өткөрүү маселесин көтөрдү


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынында чек арадан жүк өткөрүүдөгү тоскоолдуктар тууралуу маселе көтөрдү.

Акылбек Жапаров 2022-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 1,2 млрд долларга жеткенин, быйыл жети айда ал 759 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1% көбөйгөнүн айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министр эки өлкө келечекте коммуникациянын дүйнөлүк транспорт системасына кошулушу керектигин кошумчалаганын билдирди.

“Кыргызстан менен Казакстан тарабынан биргелешкен транспорт коридорлорун пайдалануу эки өлкөгө тең пайда алып келет. Бул контекстте тоскоолдуксуз транзитти камсыздоо, чек арада жүйөсүз кармоолорго жана текшерүүлөргө жол бербөө зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-отуруму бир жарым жыл мурда болгон. Кеңештин кийинки жыйыны 2024-жылы Кыргызстандын аймагында өтөт.

Август айынын соңунда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган машиналардын узун кезеги пайда болгон. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги мындай абал үчүн Казакстанды “Евразиялык экономикалык биримдиктин принциптерин сактабай жатат” деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет. Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG