Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Өкмөт кыргыз-казак форумунда 60 млн долларлык келишимге кол коюлганын билдирди


Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйынында. Тараз, Казакстан. 23-сентябрь, 2023-жыл.
Акылбек Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйынында. Тараз, Казакстан. 23-сентябрь, 2023-жыл.

Макулдашууларга Казакстандын Тараз шаарында 23-сентябрда өткөн кыргыз-казак аймактар аралык форумунда жетишилгенин кыргыз өкмөтү кабарлады.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация катышты.

Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов форум эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташуусун өнүктүрүүчү диалог аянтчасы болорун белгилешти.

Жапаров аймактар аралык кызматташтык маселеси өкмөттүн көңүл борборунда экенин белгилеп, аны өнүктүрүү үчүн эки тарапка тең кызыкчылыктагы жаңы чечимдерге бирдей кадам таштоо зарылдыгын айтты.

Смаилов кыргызстандык ишкерлерге жана инвесторлорго өз өлкөсүнүн аймагында ишмердүүлүк кылуусуна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Форумдун алкагында Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Казакстандын Актөбө, Кыргызстандын Ош шаары менен Казакстандын Чымкент облусунун ортосунда бир туугандык мамиле орнотуу боюнча меморандум түзүлдү.

Жыйынтыгында эки өлкө ишкерлеринин ортосунда 60 млн доллардан ашык келишимдерге кол коюлду.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү 1,2 млрд долларга жеткен. Быйыл жети айда 759 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13,1% көбөйгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG