Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:19

Германия Украинага 400 млн. евролук жардам берет


IRIS-T зениттик-ракеталык комплекстери.
IRIS-T зениттик-ракеталык комплекстери.

Германия Украинага 400 миллион евролук жаңы аскердик жардам берерин жарыялады. Украина Gepard танктарын, IRIS-T зениттик-ракеталык комплекстерин жана MRAP үлгүсүндөгү 200 чопкутталган автоунаа алат.

Жардам куржунуна 155 мм артиллериялык системалар үчүн ок-дарылар, минометтук ок-дарылар жана АТ-2 мина ракеталары кирет.

Мындан тышкары Украинага кышкы техника, буга чейин берилген системалардын запастык бөлүктөрүнүн жабдыктары, унаалар жана учкучсуз учактар берилет.

Германия украиналык аскер кызматкерлерин окутууну да улантат.

"Жылдын аягына чейин жалпысынан 10 миң украин аскери окутулат деп күтүлүүдө. Учурда негизги көңүл төмөнкү тактикалык звенолордун жетекчилигин, башкача айтканда, топтордун, взводдордун жана роталардын командирлерин даярдоого бурулууда", — деп айтылат Германиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Жаңы жардам пакети боюнча чечим “Рамштайн” форматындагы жыйындын жыйынтыгында кабыл алынды. Учурда Германия Украинага жардам көрсөтүү боюнча Европада биринчи, дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда турат.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 43,9 млрд долларлык аскердик жардам көрсөттү. НАТО өлкөлөрү миллиарддаган доллар аскердик, финансылык жана гуманитардык жардам берди. Германия 22 миллиарддан ашык, Улуу Британия 15 миллиардга жакын доллар бөлгөн. Башка өлкөлөрдөн келген жардам салыштырмалуу азыраак.

 

XS
SM
MD
LG