Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Милиция ала качуу жөнүндө жарнама тараткан компанияга эскертүү берди


Кыз ала качууга каршы нааразылык акциясы. Бишкек. 2021-жыл.
Кыз ала качууга каршы нааразылык акциясы. Бишкек. 2021-жыл.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ала качуу жөнүндө жарнамасы үчүн “Нурзаман” компаниясына эскертүү берди. Анда ала качууну пропагандалоо туура эмес экени эскертилгенин милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин TikTok платформасында “Нурзаман” курулуш компаниясынын ролиги жарыяланган. Ала качууга туш болгон кызга атасы жардам бербей койгону баяндалган.

Жарнама социалдык тармактарда кызуу талкууланып, компания сынга кабылды. 24.kg сайтына компаниянын өкүлдөрү ал жарнама өчүрүлгөнүн билдирди.

Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен. 2021-жылы Кыргызстанда кыздарды уурдоо жана никеге мажбурлоо боюнча 560 факты катталган. 2022-жыл боюнча маалымат жарыялана элек.

Кыргызстанда кыз ала качуу – оор кылмыш. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат. Ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган.

2021-жылы 5-апрелде 27 жаштагы Айзада Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги талаада автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өзүнө кол салганы аныкталган.

Андан мурда 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качып бараткан адам тарабынан бычакталып каза болгон.(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG