Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:17

Инвестордон акча талап кылган деген шек менен үч адам кармалды


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) инвесторлордон опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган адамдар тууралуу маалымат берди.

Мекемекенин басма сөз кызматы кабарлагандай, 24-сентябрда министрликтин Тергөө кызматына (Х.С.) чет элдик жаран арыз менен кайрылган. Ал ушул жылдын 22-августунан 16-сентябрына чейин шектүү (Н.Т.) ок атуучу курал менен коркутуп, чет өлкөлүк үч адамды ага каршы арыз жазууга мажбур кылганын айткан. Президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардын ар биринен 150 миң сомдон алган деп "жалаа жаап жатканын" жазган.

Маалыматка ылайык, 16-сентябрда шектүү жабырлануучуну каматам деп жогорку кызматтагы адамдардын атын атап коркутуп, укук коргоо органдары ага каршы материалдарды жана арыздарды чогултуп жатканын билдирген.

17-сентябрда шектүү арыз жазган адамдан 200 миң доллар талап кылганы, ошол эле күнү анын үйүн тинткенде “BMW X7” үлгүсүндөгү автоунаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңгизаты, темир кастет жана 11 патрон табылганы кабарланды.

24-сентябрда 22, 26 жаштагы эки адам (бирөө чет өлкөнүн жараны) жана 25-сентябрда 45 жаштагы негизги шектүү кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киригизилди. Тергөө иштери уланып жатат.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 25-сентябрда Кыргызстанда жогорку даражалуу чиновниктер менен байланышы бар экенин айтып, инвесторлордон опузалап көп суммада акча талап кылган шектүү кармалганын билдирген.

Социалдык тармактын колдонуучулары кармалган адам Төлөнбай Нурбаев экенин жазышууда. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG