Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

"Азаттыктын" Астанада кармалган кабарчысы эки сааттан кийин бошотулду


Police. Radio Azattyk correspondent Sania Toiken.
Police. Radio Azattyk correspondent Sania Toiken.

Астанадагы ЭКСПО аянтында ачылган INNOPROM.QAZAQSTAN көргөзмөсү башталар алдында полиция кызматкерлери “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкенди кармап, эки сааттан кийин бошотту. Редакция ал эч кандай себепиз кармалып, Есил райондук полиция бөлүмүнө жеткирилгенин жазды.

Маалыматка ылайык, көргөзмөдөгү жабдууларды тартып жүргөн кабарчыга адегенде өзүн тааныштырбаган аял тоскоолдук жараткан. Андан соң Жолдасбек Ибрагимов аттуу полиция кызматкери менен Алмас деген жарандык кийимчен киши көргөзмөнү тартууга болбой турганын айтышкан.

Көргөзмө ачык аянтта өтүп жатканына жана Сания Тойкен аларга журналисттик күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабастан, аны полиция бөлүмүнө алып барышкан. Ал жактан эч кандай протокол түзүлгөн эмес. Полиция кабарчынын кармалышы боюнча расмий маалымат берген жок.

Казакстандын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин маалыматына караганда, INNOPROM.QAZAQSTAN эл аралык өнөр жай көргөзмөсү Астана шаарында 25-27-сентябрь күндөрү өтөт. Ага Казакстандын, Орусиянын, Беларустун премьер-министрлери жана Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышат деп күтүлүүдө

Бул акыркы бир айдын ичинде "Азаттыктын" кабарчыларынын журналисттик ишмердигине тоскоолдук кылган алгачкы учур эмес. Сентябрдын башында президент Касым-Жомарт Токаев Каскелең шаарына барганда, өзүн күзөт кызматкери деп тааныштырган адамдар "Азаттыктын" журналисттерин иш-чарага киргизбей коюшкан.

XS
SM
MD
LG