Азия оюндары: Кыргызстандын футбол командасы 1/8 финалга чыкты
Азия оюндары: Кыргызстандын футбол командасы 1/8 финалга чыкты
XIX жайкы Азия оюндарыyf Кыргызстандан 164 спортчу катышып жатат.
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 1/8 финалына чыкты. Курама команда F тайпасынын жыйынтыктоочу беттешинде Кытай Тайбэйи менен ойноп, 4:1 эсебинде жеңди.
Дзюдо боюнча мелдеште кыргызстандык Адина Көчкөнбаева коло байге үчүн күрөшөт.
Азия оюндарынын алкагында заманбап спорттун түрү боюнча беттештерде кыргызстандык команда финалга чыкканын Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Бул спорттун түрүнөн Кыргызстандын намысын Родион Хрипченко, Атай Эркинбеков, Василий Лукьянов жана Илья Мягких, кыздардан Мария Штукина коргоп жатат.
21-сентябрда фехтование боюнча, 22-сентябрда чуркоо жана ок атуу, сууда сүзүү боюнча жарыштар өтүп, кыргызстандык комнада финалдык баскычка чыккан.
XIX жайкы Азия оюндары Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүүдө. Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга жылдырылган.
Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Спортчулар спорттун 40 түрүнөн мелдешет. Быйыл Азия оюндарынын программасына киберспорт жана "ажыдаар-кайыктардын" жарышы да кирген.
Оюндарга Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айбек Кубанычбек уулу, Гүлшанай Сатарова баштаган 164 спортчу катышып жатат.
Жалпысынан кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча ат салышууда: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каноэ жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, күрөш.
Учурда волейбол, футбол, дзюдо, ок атуу, киберспорт, сууда сүзүү, фехтование, шахмат, бокс, киберспорт жана ушу-саньда боюнча мелдештер өтүп жатат.
Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп, Кыргызстандын улуттук курама командасы эки алтын, алты күмүш жана 12 коло медаль уткан. (GT)
Бишкек: Жөө күлүктөрдү сынаган марафон
1/13Run the Silk Road аттуу эл аралык жарым марафонуна Кыргызстан, Беларус, Азербайжан, Германия, Италия, Орусия, Казакстан, Түркия, Түркмөнстан, Украина, Өзбекстан, Канада, Грекия, Чехия, АКШ өлкөлөрүнөн келген 1500дөн ашык спортчу катышты.
2/13Марафон 21, 10, 3 чакырым аралыктарда өттү. Андан сырткары быйыл биринчи жолу өспүрүмдөр арасында да (бир чакырым) жарыш болду.
3/13
4/13Спортчу, жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган марафондор Кыргызстанда жыл сайын өтүп келет.
5/13Кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаров жеңил атлетика менен 1968-жылдан тартып машыгып, эл аралык мелдештерде мөөрөй алган.
1974-жылы «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 чакырым аралыкка чуркоодо 2-орунга жеткен. Ал СССРдин чемпионатында 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон.
1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-Олимпиадалык оюндарда 42 чакырым 195 метр аралыкты эки саат 11 мүнөт 16 секундада чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
6/13
7/13Сатымкул Жуманазаров - СССРдин тарыхында биринчи жолу марафон боюнча Олимпиаданын коло байгесин камсыз кылган спортчу болгон.
Ага спорттогу жетишкендиктери үчүн СССРдин спорт чебери, СССрдин эл аралык даражадагы спорт чебери жана СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери наамдары ыйгарылган.
8/13Кыргызстанда жыл сайын ар түрдүү марафондор өтүп келет. Ага дасыккан спортчулардан сырткары чуркоону сүйгөн жарандар катыша алат.
9/13Байге алган жөө күлүктөр. Кыргызстандык спортчу Гүлшанай Саттарова (сүрөттө оңдо) аталган марафондун коло байгесин утту.
10/13Мырзалар арасында жарым марафонду өзбекстандык Нодирбек Муталипов утуп алды. Ал 70 миң сом менен сыйланды.