Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Кыргызстандык үч балбан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты


Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында польшалык Анастасия Волчинска менен күрөшүүдө. 20-сентябрь, 2023-жыл. Белград, Сербия.
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында польшалык Анастасия Волчинска менен күрөшүүдө. 20-сентябрь, 2023-жыл. Белград, Сербия.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) жаңы рейтингинде кыргызстандык үч балбан – Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова өзүнүн салмагында дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу маалымат уюмдун сайтына жарыяланды.

16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг салмак ченинде, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал алды. Балбандар муну менен кошо 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты.

Ушул эле мелдеште Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш алып ал да Олимпиадага лицензия утту. Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) эркин күрөштөн коло тагынды.

Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар үч алтын, бир күмүш жана бир коло менен жалпы командалык эсепте Жапония менен Ирандан кийин үчүнчү орунду алды. Мелдешке 30 мамлекеттин балбандары катышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG