Украинанын Одесса облусуна жасалган чабуулда дайынсыз жоголгон тургундун сөөгү урандылардын астынан табылганын аймактын аскер администрациясынын башчысы Олег Кипер билдирди. Анын алдында бир аял курман болгону айтылып, экинчиси изделип жатканы кабарланган.
25-сентябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Одессага "Шахед" жанкечти дрондору, "Калибр" жана "Оникс" ракеталары менен сокку урган. Алардын дээрлик баары атып түшүрүлүп, деңиз боюндагы бекет жана конок үйү зыян тарткан.
Ал эми Херсон облусуна кол салууда Орус армиясы авиабомбаны көп колдонгонун облустук аскер админстрациясынын өкүлү Александр Толоконников "Азаттыктын" украин кызматына билдирди. Дүйшөмбүдө Москванын күчтөрү Днепрдин оң жээгиндеги Николаевка жана Львов конуштарына абадан бомба таштап, Берислав шаарына да чабуул жасаганы кабарланды. Бомба турак-жайларды тейлеген кеңсенин имаратын талкалаган. Бир күн мурдагы чабуулдан Херсондо эки киши мүрт кеткен.
Москва чабуулдар боюнча комментарий берген жок. Жекшембиде Орусиянын баш калаасындагы аэропорттор "Украина дрон менен чабуул коёт" деген кооптонуудан улам бир канча авиакаттамдарды убактылуу токтоткон.