Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Түркия менен Азербайжандын президенттери Нахичеванда жолугушту


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 25-сентябрда Азербайжандын Нахичеван автоном республикасына барды. Аны азери президенти Илхам Алиев тосуп алды.

Сүйлөшүүнүн өзөгүн эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Тоолуу Карабактагы акыркы кырдаал түзөрү мурда кабарланган. Эки президенттин жолугушуусу Тоолуу Карабактын жикчил аймагынан миңдеген армяндар Арменияга көчүп кетип жаткан учурга туш келди.

Баку Тоолуу Карабакты толук көзөмөлгө алганы жарыяланган бир аптадай убакыттан бери Арменияга ал жактан беш миңдей армян жер которду. Ереван бозгундарды каттоо уланып жатканын билдирди.

19-сентябрда Азербайжан бийлиги "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деген максатта 120 миң калкы бар Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын бийлиги 20-сентябрда түштө ок атууну токтотконун жана азербайжан тараптын бардык талаптарын аткарууга макул экенин билдирген. Түрк президенти Азербайжан армиясын колдой турганын бир нече жолу билдирген.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабакты дүйнө коомчулугунун басымдуу бөлүгү Бакуга таандык деп эсептейт.

Арменияда оппозиция Карабак маселесинде бийликти сындап, Пашиняндын отставкасын талап кылган митингдерди өткөрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG