Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Кыргыз мазарлары тууралуу эки мультфильм тартылды


"Кулун-Ата" мультфильминен кадр.
"Кулун-Ата" мультфильминен кадр.

Кыргызстандагы Кулун-Ата жана Ажыдаар-Таш мазарлары жөнүндө элдик уламышка негизделген эки анимациялык тасма жарык көрдү.

Мультфильмдерди "Айгине" маданий-изилдөө борборунун архивиндеги материалдардын негизинде "Тентек" чыгармачыл тобу тарткан.

Анимациялык тасмалар "Айгине" маданий-изилдөө борбору жана "Солтек" уюму биргеликте "Паванка" фондунун колдоосу астында ишке ашырган долбоордун экинчи жана үчүнчү бөлүгү болуп саналат.

"Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” деген бул долбоордун биринчи бөлүгү - кыргыз айымдарынын рухий өнүгүүсүнө арналган "Аялдыктан асылзаадалыкка жол" деген санарип топтом. Андан ийик ийрүү, сайма саюу, чийден куурчак жасоо, жаргылчак тартуу өнөрү, алардын кыргыз дүйнө таанымындагы орду жана аялзатынын менталдык саламаттыгын жакшырткан таасири тууралуу маалыматтар менен таанышса болот.

Долбоор 24-сентябрда театралдаштырылган атайын иш-чара менен жыйынтыкталды.

Кеченин уюштуруучусу Шаакан Токтогулдун билдиришинче, "Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоору жаш муундарга кыргыздын улуттук маданий мурастарын жайылтууну көздөп, элди мазарларга жана табиятка аяр мамиле кылууга үндөйт.

"Айгине" маданий-изилдөө борбору буга чейин Кыргызстандын аймагындагы эл зыярат кылган миңден ашуун мазарды изилдеп, "Касиеттүү жерлерди жана зыярат ырым-жырымдарды коргоо боюнча Улуттук колдонмо" деген китеп чыгарган.

Кулун-Ата Ош облусун Кара-Кулжа районундагы көл. Ажыдаар-Таш Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылына жакын аймак. Жергиликтүү эл аларды ыйык деп эсептейт. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG