Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Электр чыгырыгын айдоо эрежеси боюнча долбоор иштелип чыкты


Бишкектеги көчөлөрдүн биринде электр чыгырыгын (электросамокат) айдагандар үчүн коюлган белги.
Бишкектеги көчөлөрдүн биринде электр чыгырыгын (электросамокат) айдагандар үчүн коюлган белги.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда электр чыгырыгын (электросамокат) айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган документте расмий эмес маалымат боюнча, Бишкекте 30 миңдей электр чыгырыгы бар экени, жолдор жана тротуарлар электросамокаттарга ылайык жасалбагандыктан кырсыктар болуп жатканы жазылган.

Ушундан улам электр чыгырыгын айдагандар үчүн төмөнкүдөй эреже киргизүү сунушу берилди:

  • атайын бөлүнгөн тилкеде, ал жок болгон учурда машиналардын кыймылынын багыты боюнча жолдун оң чети менен жүрө алат;
  • караңгыда жолдон өтүүдө электросамокаттарды жарык чагылдыруучу элементтери бар бардык зарыл предметтер менен жабдууга милдеттендирилет;
  • электросамокаттарды ижарага бергендер жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө жана техникалык абалда сактоого милдеттүү болушат.

Соңку бир-эки жылда Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр кыймылдаткычы менен жүрүүчү чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйүүдө. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонуна жүктөлгөн атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.

Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү тротуарларда велосипед айдагандар үчүн атайын тилкелер бар.

Шаардыктар көчөдө же паркта чыгырык айдагандар катуу ылдамдыкта жүргөндүктөн, жөө жүргүнчүлөрдү же бири-бирин сүзүп, кырсыкка кабылгандар көбөйгөнүнө арызданып келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG