АКШ президенти Жо Байден Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга Тоолуу Карабактагы соңку окуялардын жана Еревандын Москва менен мамилесинин салкындап кетишинин фонунда кат жолдоду.
Байден АКШ Армениянын “эгемендигин, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн жана демократиясын” колдой турганын билдирди. Вашингтон армян өкмөтүн тынчтыкка умтулуп жатканын белгилеп, өлкөгө гуманитардык жана башка жардамдарды көрсөтөрүн белгиледи. Андан тышкары, Тоолуу Карабактагы армян тектүү тургундардын "зордук-зомбулуктун" натыйжасында каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Катта Азербайжан тууралуу сөз болгон эмес.
Байдендин катын Пашинянга USAID уюмунун жетекчиси Саманта Пауэр тапшырды. Ал Ереванга 25-сентябрда мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Йюри Ким менен келген.
25-сентябрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвага кескин каршы пикирин билдирген Пашинянды болуп көрбөгөндөй сынга алган. Билдирүүдө Пашинян Арменияны Орусиядан алыстатууга жана өлкөнү Батыштын геосаясий оюндарынын курмандыгына айлантууга аракет кылып жатканы белгиленген.
Пашинян Тоолуу Карабактагы соңку окуялардан кийин 24-сентябрдагы телекайрылуусунда Орусияны сындаган. Ал “Ереван мүчө болгон коопсуздук түзүмдөрү натыйжалуу эместигин көрсөттү” деп, Армениянын эли эгемендикти же “алыскы провинцияга айлануу” мүмкүнчүлүгүн тандашы керектигин айтты.
3-сентябрда италиялык La Repubblica басылмасына курган маегинде Пашинян өлкөнүн коопсуздук жагынан Орусияга көз каранды болушун “стратегиялык жаңылыштык” деп билдирген.
20-сентябрда Баку талаштуу Тоолуу Карабак толук Азербайжандын көзөмөлүнө өткөнүн жарыялаган. Карабактагы армян тектүү миңдеген тургундар андан бери Арменияга жер которууда.