Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

Жапаровдун коррупцияга шек саналган инисинин абак мөөнөтү узартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шек саналып кармалган иниси Улан Жапаровду 26-ноябрга чейин абакта калтырды. Соттун басма сөз кызматы анын бөгөт чарасы 25-сентябрда каралганын “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин президенттин аталаш тууганы Улан Жапаров бажыдагы коррупцияга байланыштуу камалганы белгилүү болгон. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кармалган Улан Жапаров президенттин аталаш тууганы Ракымжан Жапаровдун тун уулу экенин бышыктаган.

Президент Жапаров 24-июлда "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде тууганынын кармалышы боюнча комментарий берип, паракорчулукка аралашкандардын баары жазасыз калбай турганын, баарына бирдей мамиле болорун айткан.

Кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу Ички иштер министрлиги кеңири маалымат бере элек. Улан Жапаров учурда Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына камакта жатат.

32 жаштагы Улан Жапаров 2017-жылы Садыр Жапаровду колдоо акциясында тарапташтары менен бирге милицияга кармалып чыккандардын бири болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG