Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Тоолуу Карабак: жарылуудан кийин 100дөн ашык адам дайынсыз болууда


Жарылуу болгон учур.
Жарылуу болгон учур.

Тоолуу Карабактагы жарылууда каза болгондор акыркы эсептер боюнча 68 киши экени такталды.

Алардын 21инин гана тек-жайы аныкталды. Дагы 105 адамдын дайыны чыкпай жатканын өзүн Тоолуу Карабактын акыйкатчысы атаган Гегам Степанян билдирди. Жабыркагандардын саны 300гө чамалуу.

25-сентябрда Тоолуу Карабактагы Ханкенди (Степанакерт)-Аскеран жолуна жакын жердеги май кампасында жарылуу болгон. Ал учурда аймактан Арменияга жер которуп жаткан адамдар станцияда кезекте турган. Жарылуунун себеби анык эмес.

Окуя болгон жерге Армения жана Азербайжан өкмөттөрү дарыгерлерди жөнөткөн.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Ереван тараткан расмий маалыматтарга ылайык, 27-сентябрга карата 28 миңден ашуун адам көчүп барды.

Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.

XS
SM
MD
LG