Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Киев Орусиянын аба чабуулунун мизин кайтарганын билдирди


Абадан жок кылынган дрон. Киев. 10-сентябрь, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Абадан жок кылынган дрон. Киев. 10-сентябрь, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын армиясы билдиргендей, 28-сентябрдын таңында абадан коргонуу системасы Орусиянын күчтөрү учурган 44 «Шахед» дронунун 34үн жок кылды. Алты чалгын учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнү маалым болду.

Украин армиясынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк орус армиясы негизинен өлкө түштүгүндөгү аймактарга чабуул койгонун 28-сентябрда маалымдады.

Ал эми Николаев облусунун администрация башчысы Виталий Ким кулатылган дрондун сыныгынан бир айыл чарба объектиси жабыркаганын билдирди. Адамдар арасында жараат алгандар тууралуу маалымат чыккан жок.

Фронтто соңку бир суткада 26 кагылышуу катталганын, алардын басымдуу бөлүгү чыгыштагы Бахмут, Авдеевка жана Марьинка аймактарында болгонун украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

27-сентябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү өлкө чыгышында ийгиликке жетип жатканын кабарлаган.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG