Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Тоолуу Карабактын мурдагы лидери террорчулукту каржылоого айыпталууда


Рубен Варданян кармалган учур.
Рубен Варданян кармалган учур.

Азербайжанда сот жикчил Тоолуу Карабактын мурдагы лидери Рубен Варданянды террорчулукту каржылоого айыптап, төрт айга камакка алды.

Варданян Орусияда карьерасын курган, «Сколково» мектебин негиздеген банкир. 2022-жылы ал орус жарандыгынан баш тартып, Тоолуу Карабакка көчүп кетип, эл аралык коомчулук тааныбаган аймакты башкарып калган.

Ал Бакунун басымы алдында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. 27-сентябрда Варданян башка качкындар менен бирге Арменияга өтүүгө аракеттенген маалда кармалган. Азербайжандын чек ара кызматы ал өлкөдө мыйзамсыз жүргөнүн жүйө келтирген.

Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы ага «террорчулукту каржылоо, куралдуу түзүмдөрдү түзүү, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» сыяктуу Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча айып таккан.

«Форбстун» маалыматында Варданяндын байлыгы бир миллиард долларга бааланат.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын дээрлик жарымы Арменияга чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG