Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:06

HRW Олаф Шольцту Борбор Азия лидерлери менен адам укугунун абалын талкуулоого чакырды


Германия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери. Берлин. 29-сентябрь, 2023.
Германия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери. Берлин. 29-сентябрь, 2023.

Эл аралык Human Rights Watch уюму Германиянын канцлери Олаф Шольцту Борбор Азия лидерлери менен жолугушууда аймактагы адам укугунун начар абалына көңүл бурууга чакырды. Уюм мындай билдирүүсүн 29-сентябрда сайтына жарыялады.

HRW учурда Борбор Азияда саясий куугунтук, сөз эркиндигин кысымга алуу болуп жатканын, кыйноолорго каршы жаза колдонулбай жатканын белгилеген. Анда Борбор Азиядагы ар бир өлкөдөгү абалды өзүнчө баяндап, Кыргызстанда жарандык коом менен эркин медиага каршы чабуул жүрүп жатканын билдирген.

“Германия соода жана иневстициялык өнөктөш, Евробиримдиктин Борбор Азиядагы стратегиясы үчүн негизги саясий кыймылдаткыч катары бул аймакта маанилүү ролду ойнойт. Ал мындай мүмкүнчүлүктү колдонуп, Европа менен бул авторитардык мамлекеттердин ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүк үчүн адам укугу жана мыйзам үстөмдүгүнө тиешелүү фундаменталдык стандарттарды сактоо маанилүү экенин белгилеп коюшу керек”, - деп айтылат кайрылууда.

Уюм Орусиянын Украинага кол салышы Борбор Азия лидерлерин башка өнөктөштөр, анын ичинде Европа мамлекеттери менен ынак мамиле түзүүгө аргасыз кылып жатканын белгилеген. Германия мындай кызматташууну жогорку деңгээлде пайдаланышы керектигин, бирок муну аймакта адам укуктарын камсыздай турган шартта ишке ашырышы маанилүү экенине токтолгон.

29-сентябрда Берлин шаарында Борбор Азия менен Германиянын лидерлеринин саммити өтүүдө. Ага катышуу үчүн президент Садыр Жапаров 28-сентябрда иш сапары менен Германияга барган. Ал сапардын алкагында немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана канцлер Олаф Шольц менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушары айтылган.

HRW уюму мындай кайрылуусун 19-сентябрда Борбор Азия лидерлери менен АКШ президентинин Нью-Йоркто өткөн саммитинин алдында да жарыялап, Жо Байденди аймактын лидерлери менен жолугушууда адам укугуна көңүл бурууга үндөгөн.

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанда адам укуктары жана сөз эркиндигине коркунуч жаралганын айтып, кыргыз бийлигин бул баалуулуктарды коргоого чакырып келет. Расмий Бишкек мындай дооматтарды четке кагып жүрөт.

XS
SM
MD
LG