Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Путин “Вагнердин” мурдагы штаб башчысына ыктыярчылар тобун түзүүнү тапшырды


"Вагнердин" жетекчисинин орун басары Андрей Трошев Кремлде.
"Вагнердин" жетекчисинин орун басары Андрей Трошев Кремлде.

Орусиянын президенти Владимир Путин “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын мурдагы штаб башчысы Андрей Трошевге ыктыярчылардан турган аскердик топторду түзүүнү тапшырды.

“Соңку жолугушуубузда «атайын аскердик операция» болуп жаткан аймакта ар кандай аскердик тапшырмаларды аткара алган ыктыярчылар топторун түзүү менен алектенериңизди сүйлөшкөнбүз”, - деген Путиндин сөздөрүн Кремль 29-сентябрда жарыялады.

Путиндин айтымында Трошев өзү “мындай топто” бир жылдан ашуун согушкандыктан “аскердик аракеттердин ийгиликтүү жүрүшү үчүн кайсы маселелерди алдын ала чечүү керек экенин билет”.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков ырастагандай, учурда Трошев Коргоо министрлигинде эмгектенет.

Буга чейин баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту жазгандай, «Вагнердин» командирлери Трошевди чыккынчылыкка айыпташкан.

Маалыматка караганда, ал июль айындагы "куралдуу козголоң" маалында "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин менен жүрүшкө чыгуудан баш тартып, бардык маалыматты Федералдык коопсуздук кызматына берген.

АКШда жана бир катар Батыш өлкөлөрүндө "террордук уюм" катары таанылган “Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткин негиздеген.

Сирияда бул топтун жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка аскердик кылмыштары аркылуу таанылган. Орусиянын Украинадагы согушуна жоочуларды жалдаган.

Пригожин менен Уткин бараткан учак 23-августта Тверде кулап, набыт болушкан. "Вагнердин" аскерлери уюмдун ишмердиги уланарын билдирген.

XS
SM
MD
LG