Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Ислам лигасынын дарыгерлери Жалал-Абадда жүрөккө операция жасайт


Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү тараткан сүрөт.

Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30дай дарыгери жүрөк операциясын жасоо үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Алар бир апта бою акысыз операция жасайт.

Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогору, жүрөк ооруларынан жабыркаган 130дай адамга операция жасоо пландалган.

Дарыгерлер операция үчүн биринчи социалдык абалы оор, майыптыгы бар адамдарды кабыл алат.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, бул иш-чара 29-сентябрь – Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнүн алкагында уюштурулган.

Кыргызстанда дарттан көз жумгандардын эң көбү жүрөк, кан-тамыр оорусуна чалдыккандар. Пандемия учурунда жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандардын өлүмү 19% жогорулаганын Улуттук кардиология жана терапия борбору билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG