Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Словакиядагы шайлоодо орусиячыл Роберт Фицонун партиясы жеңди


Роберт Фицо
Роберт Фицо

Словакияда 30-сентябрдагы шайлоодо "Курс-Словак социал-демократиялык партиясы" жеңишке жетти. Анын лидери Роберт Фицо буга чейин эки жолу премьер-министр болгон. Ал Украинага аскердик колдоо көрсөтүүгө жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштү күчөтүүгө каршы.

"Курс" добуштардын 23,37% алганын Reuters агенттиги жазды. Анын негизги атаандашы, европачыл “Прогрессивдүү Словакия” партиясы 16,86%, солчул “Голос” 15,03% добушка ээ болду.

Шайлоо алдындагы интервьюларда Роберт Фицо анын партиясы өкмөттү жетектесе, Словакия Украинага "бир да ок жибербейт" деп убада берген. Ал ошондой эле Украинанын НАТОго кирүү аркетине каршы. Божомолдорго караганда, Фицонун Евробиримдиктеги эң жакын өнөктөшү венгер лидери Виктор Орбан болушу мүмкүн.

Мурдараак "Прогрессивдүү Словакия" партиясынын лидери Михал Симечка Фицонун жеңишин сындаган:

"Фицо мырзынын жеңиши жана өкмөттү түзүшү - өлкө үчүн, биздин демократия, мыйзам үстөмдүгүбүз, эл аралык аброюбуз жана экономикабыз үчүн - чындап эле жаман жаңылык болот деп ойлойбуз".

"Курс" партиясы шайлоо өнөктүгү маалында Словакия аркылуу Европа Биримдигине кирүүгө аракет кылган мыйзамсыз иммигранттардын агымын токтотууга чакырган.

Беш жарым миллион калкы бар өлкөдө май айынан бери иштеп жаткан убактылуу администрациянын ордуна Фицо эми жаңы өкмөт түзүшү керек. Reuters бир дагы саясий күч абсолюттук көпчүлүккө ээ боло албастыгын, коалициянын түзүлүшү либералдардан ашкере оңчулдарга чейин ондон ашык майда партиялар алган жыйынтыкка жараша болорун жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG