Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

БУУнун миссиясы Тоолуу Карабакка барганы кабарланды


БУУнун миссиясы Тоолуу Карабакка барганын Азербайжандын АПА агенттиги жазды.

Маалыматта БУУнун түрдүу багыттарында иштеген адистерден турган топ жеринде абал менен таанышуу жана тургундардын гуманитардык муктаждыктарын аныктоо максатында барганы айтылат.

Буга чейин БУУнун басма сөз кызматы дем алыш күндөрү Тоолуу Карабакка миссия барарын маалымдап, акыркы 30 жылда уюмдун аймакка кирүү мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирген.

Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 30-сентябрда 100 миң 500гө жакындады. Армян өкмөтү 30-сентябрда тараткан маалыматта алардын ичинен 35 миңдейи мамлекеттик турак жай менен камсыз болгону, башкаларды каттоо уланып жатканын белгиледи. Жыл башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңге жакын адам жашап жаткан.

Азербайжандын бийлиги Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Буга чейин Германия жана АКШ Тоолуу Карабактын калкынын коопсуздугун камсыздаган эл аралык миссия түзүүнү сунушташкан. Москва бул Бакунун макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүндүгүн белгилеген.

Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG