Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Орусиянын армиясы Херсон облусун аткылады


Орусиянын армиясынын аткылоосуна кабылган автоунаа. Херсон. 29-сентябрь, 2023-жыл.
Орусиянын армиясынын аткылоосуна кабылган автоунаа. Херсон. 29-сентябрь, 2023-жыл.

Орусиянын армиясы 2-октябрдын таңында Украинанын Херсон облусуна жасаган аба чабуулунан карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Алты киши жаракат калды, алардын экөө балдар. Бул тууралуу облус губернатору Александр Прокудин билдирди.

"Бүгүн таңкы саат бештерде душман Херсондун борборун аткылады. Окуя болгон жерде өрт тутанып, аны тиешелүү кызматтар ыкчам өчүрүштү", - деп жазды Прокудин Телеграмга.

Орус күчтөрүнүн чабуулунан жергиликтүү чиркөө жана Херсон епархиясынын администрациясы жабыркаганын 2-октябрда Украинанын православ чиркөөсү билдирди.

Херсон облусунун орус армиясынан бошотулган бөлүгү, анын ичинен Херсон шаары бир нече айдан бери Днепр дарыясынын сол жээгинде жайгашкан орус армиясынын тынымсыз аткылоосуна дуушар болуп келет.

1-октябрда дагы артиллериялык аткылоонун жыйынтыгында Тягинка шаарында 40 жаштагы кишинин өмүрү кыйылган.

2-октябрга караган түнү орус армиясы өлкө түштүгүндөгү Днепропетров аймагына жети «Шахед» дрону менен чабуул койду. Анын төртөө абадан атып түшүрүлгөнүн украин армиясынын маалымат катчысы Наталья Гуменюк билдирди.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG