Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Орусиянын Амур облусунда мигранттарга каршы рейд өттү


Орусиядагы мигранттарды кармоо учуру. 2014-жыл. Архивдеги сүрөт.
Орусиядагы мигранттарды кармоо учуру. 2014-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусиянын Амур облусунда 1-октябрда мигранттарга каршы рейддер өттү. Анын жыйынтыгында 17 чет элдик жаранды өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынды. Тогузу күч менен депортацияланат, ал эми сегиз мигрант Орусиядан өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө тийиш.

Амур облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, полиция кызматкерлери Росгвардиянын өкүлдөрү менен биргеликте чет элдик жарандар көп топтолгон жайларды тинтишкен. Жалпысынан тартип коргоочулар жатакана, кафе, курулуш аянтчалары сыяктуу 18 жайда 250 мигранттын документтерин текшеришкен.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, миграциялык мыйзамдар бузулган 37 учур катталган.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, сентябрдын башынан бери бийлик миграциялык мыйзамды бузду деген кине менен 35 чет элдик жаранды өлкөдөн чыгарган.

Орусияда соңку айларда мигранттарга, анын ичинен борбор азиялыктарга каршы рейддер күчөгөнү кабарланып келет. Айрым эксперттердин пикиринде, Кремль басым жасоо менен мигранттарды Украинадагы согушка айдоону көздөйт.

XS
SM
MD
LG