Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Министрлер кабинети мектептерде акча чогултууга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салды. Тиешелүү токтом 28-сентябрда чыкканы “Токтом” порталына жарыяланды.

Документ “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" президенттин жарлыгын ишке ашыруу жана окуучуларга шарт түзүү максатын көздөй турганы жазылган.

Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга жол бергендер жоопко тартылары эскертилген.

Маалыматта 2023-жылы мамлекеттик билим берүүчү жайларды оңдоого, кайтарууга жана керектүү буюмдарды сатып алууга чыгымдарды толук жабуу боюнча Финансы министрлигине тапшырма берилгени айтылат.

Андан тышкары жергиликтүү бийликке, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына муниципалдык окуу жайлардын чыгымдары үчүн жыл сайын каражат бөлүү милдети коюлган.

Президент Садыр Жапаров мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка 26-майда кол койгон. Анда акча чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилген.

Буга чейин да мектептерде акча чогултууга тыюу салуу аракети көрүлүп, андан майнап чыккан эмес.

Ушул тапта Бишкекте дээрлик ар бир мектепте жана бала бакчада ата-энеден мыйзамдуу түрдө ай сайын акча алып туруучу фонддор бар. Ал фонддон мугалимдин айлыгына кошумча акча берилип, кароолчуга, тазалоо каражаттарына жана башка муктаждыктарга бөлүнөт.

Фонддун иши ачык эмес кэенин айткан айрым ата-энелер буга чейин өкмөт үйүнүн алдында нааразылыкка чыгышкан.

XS
SM
MD
LG