Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду


Жоламан Шаршенбеков.
Жоламан Шаршенбеков.

Балбан Жоламан Шаршенбеков Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды. Шаршенбеков бүгүн, 4-октябрда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта финалда жапониялык Айата Сузукини далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Шаршенбеков буга чейин үч атаандашын утуп, финалга чыккан. Алгач тажикстандык Асламжон Азизовду, чейрек финалда түштүк кореялык Чуң Ханжаени (9:0), жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду (11:0) уткан.

Күрөштүн ушул түрүнөн 77 килограмм салмакта кыргызстандык дагы бир балбан Акжол Махмудов финалга чыккан. Ал финалда ирандык Амин Кавиянинежад менен беттешет.

Эми балбандар Раззак Бейшекеев менен Атабек Азизбеков мелдештин коло байгеси үчүн күрөшөт.

Бул Азия оюндарында 164 кыргызстандын спортчу спорттун 23 түрүнөн мелдешке катышууда. Алардын арасынан дзюдочу Эрлан Шеров алтын медаль, ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов коло медаль утушкан.

XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы жылы өтүшү керек эле. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган.

Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда.

23-сентябрда башталган оюндар 8-октябрга чейин уланат. (GT)

"Алтын медаль талыкпаган эмгектин арты менен келди"
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:57 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG