Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Авазбек Аманбеков Азия оюндарында ушу-саньда боюнча коло медал алды


Авазбек Аманбеков.
Авазбек Аманбеков.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков коло медал алды.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кыргызстандык спортчу 56 кг салмак ченинде биринчи беттешинде непалдык атаандашын 2:0 эсебинде, чейрек финалда Таиланддын спортчусун да 2:0 менен жеңип, жарым финалга чыккан. Жарым финалда филиппиндик атаандашына утулуп калган. Бул ушу-саньда боюнча Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарындагы биринчи медал.

XIX жайкы Азия оюндары 2022-жылы өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2023-жылга калган. Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда.

23-сентябрда башталган оюндар 8-октябрга чейин уланат.

Буга чейин дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медал тагынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG