Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:35

ЖК министр кызматына Кендирбаеванын талапкерлигин колдоду


Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Парламент бүгүн, 5-октябрда билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеваны дайындоого макулдук берди.

Депутаттар андан билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу маалыматтарды угуп, аларды чечүү боюнча тапшырмаларды беришти.

Аягында каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан Догдуркүл Кендирбаеваны кызматка дайындоого макулдугун беришти.

Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун 28-сентябрдагы жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Буга чейинки министр Каныбек Иманалиев "тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган" деген негизде 7-сентябрда кызматынан бошотулган.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда мектеп окуучуларына китептер жетишпей, министрлик сынга кабылган.

Догдуркүл Кендирбаева “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун аткаруучу директору. Ал 2012-жылдары билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG