Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:08

Аралыктан добуш берүү ыкмасы алгачкы жолу колдонулуп жатат


Шайлоочуга аралыктан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн система Кыргызстанда алгачкы жолу бүгүн 8-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоодо пилоттук негизде иштетилип жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, бул система менен Сарууда туруктуу каттоосу бар, бирок шайлоо күнү добуш берүү үчүн айылдын өзүнө бара албай калгандар пайдалана алышат.

Алар үчүн Бишкекте, Боршайкомдун имаратында өзүнчө шайлоо участогу ачылып, иштеп жатат. Добуш берүү жараянынын ачыктыгын камсыз кылуу максатында ал жерде видео байкоо орнотулган.

Сарууда шайлоочулардын саны 6062 адам болсо, алардын 110у Бишкектен добуш берүү тууралуу арыз менен кайрылышкан.

Саруунун өзүндө төрт шайлоо участогу иштеп жатат. Үч округдан катталган 41 талапкердин арасынан 21 депутат шайланат, анын 9у аялдардын квотасы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG